Алайда милиция кызматкери өлтүрүлдү

Алайда милиция кызматкери өлтүрүлдү

Алайда милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу “Репортерго” Ош облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу 102 кызматына чалуу түшкөн.

ӨКмнын кызматкерлери жансыз денени суудан алып чыкканда ал Э.Н. аттуу аймактык милиция кызматкери экени аныкталган.

Милиция кызматкери киши колдуу болуп, көз жумганы аныкталып, “адам өлтүрүү беренеси менен иш козголгон.

Көп узабай элек шектүү катары 54 жаштагы О.Э. жана 32 жаштагы Ч.И. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда милиция кызматкери жумушун аяктап, таанышынын туулган күнүн белгилөө үчүн барган. Мас абалындагы пикир келишпестиктен улам, шектүүлөр маркумду сабап өлтүрүп алышкан. Кийин кылмышын жашыруу үчүн автоунаа менен алып келип сууга таштап жиберишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>