Алайдагы жер титирөөнүн күчү алты баллга жетти

Алайдагы жер титирөөнүн күчү  алты баллга жетти

6-май күнү саат 06:50де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогундагы күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Жер титирөө Анын күчү Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 баллга, Көк-Суу айылында 5 баллга, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 баллга, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин жетти.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>