Аламүдүн-1де өрт кырсыгынан 71 жаштагы адам оор жаракат алды — сүрөттөр

Аламүдүн-1де өрт кырсыгынан 71 жаштагы адам оор жаракат алды — сүрөттөр

Чүйдүн Аламүдүн-1 кичи районунда өрт кырсыгынан 71 жаштагы адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун Аламүдүн-1 кичи районунда 14-сентябрда саат 21:49 чамасында көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккан. Балкондо отургуч, жылыткыч, терезе жана эшиктер (15 чарчы метр) күйүп кеткен. Натыйжада 1949-жылы туулган адам үчүнчү даражадагы күйүк алган.

Ал ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор деп бааланууда.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

[su_image_carousel source=»media: 40854,40855″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>