Аламүдүн суусуна аккан кыздын денеси 40 күндөн кийин табылды, — сүрөт

Аламүдүн суусуна аккан кыздын денеси 40 күндөн кийин табылды, — сүрөт

Бир жарым ай мурун Аламүдүн суусуна аккан 26 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык,  15-август күнү  Теплые Ключи эс алуу жайында 26 жаштагы кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.  Аны издөөгө ӨКМнын куткаруучулары тартылып,  40 күнгө созулган издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 26-сентябрь күнү 14:40 чамасында  табылган. Кыздын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 41837,41838″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>