Аламүдүндүн тургуну өз уулунун колунан каза тапты

Аламүдүндүн тургуну өз уулунун колунан каза тапты

Аламүдүндүн тургуну өз уулунун колунан каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун 42 жаштагы Ш.В. аттуу тургуну апрель айынын башында үйүнө мас абалында келип, атасын ур-токмокко алган. Анын натыйжасы атасы каза болуп калган.

Бул окуя боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган адам 2 айга камакка алынган.

Ошондой эле анын үйүн тинтүүгө алганда 16 калибрдагы мергенчилик мынтык табылган.

Учурда кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>