Аламүдүндө милицияны бычактаган адамды кубалап ок атып кармашты

Аламүдүндө милицияны бычактаган адамды кубалап ок атып кармашты

Аламүдүндө милицияны бычактаган адамды кубалап ок атып кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 15:00 чамасында Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. Анда белгисиз адам милиция кызматкерлерине бычак менен кол салган. Аны кармоого кошумча укук коргоо кызматкерлери тартылып, милицияга баш ийгиси келбеген жаранды кармоодо табелдик курал колдонулган.

Натыйжада бычактан жаракат алган милиция кызматкери жана ага кол салган адам ооруканага түшкөн. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>