Site icon Reporter.kg

Аламүдүндөгү суу өткөн тосмодо асылып турган адам табылды

Аламүдүн районундагы суу өткөн тосмодо асылып турган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ГЭС-2 айылында жайгашкан Чүй каналында адамдын жансыз денеси суу өткөн тосмодо илинип турат деген маалымат түшкөн, жерине №ӨКБ-1ден 4 куткаруучу чыгышкан.

Алдын ала маалымат боюнча, 60-65 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин куткаруучулар суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.

Exit mobile version