Алдамчылыкка шектелип, беш жылдан бери издөөдө жүргөн депутат кармалды

Алдамчылыкка шектелип, беш жылдан бери издөөдө жүргөн депутат кармалды

Тергөөнүн жүрүшүндө КСДП фракциясынан Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Самидин Жоробеков камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

2017 -жылдан бери Жоробеков алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн.

«Экс-депутат Ж.С. 2017 -жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алган. Жыйынтыгында ал КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат «Ж.С.» 2021 -жылдын 18 -октябрына чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалды», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>