“Алга” биринчи ирет сезонду лидерлик менен баштады. Алгачкы чемпиондугун ута алабы?

“Алга” биринчи ирет сезонду лидерлик менен баштады. Алгачкы чемпиондугун ута алабы?

Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 2021-жылдагы сезонунда “Алга” клубу үчүн заманбап тарыхындагы эң ийгиликтүү сезон катары башталды. Команда алгачкы ирет сезондун башында турнирдик тизмени жетектеди.

Бул жылы өлкө чемпиондугунун 6 турунан кийин “Алга” командасы 5 оюн өткөрүп, баарында жеңишке жетти.

Мындай ийгиликке эмне себеп? Деген суроо жаралышы мүмкүн. Команда бул сезонго өткөн жылы негизги курамда ойногон оюнчуларынын 60 пайызын сактап калган. Бирок клубдан Айзар Акматов, Мирбек Ахматалиев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Азат Мурзашев, Айдар Мамбеталиев, Анатолий Власичев, Руслан Амиров сыяктуу кыргыз футболунун күйөрмандарына белгилүү оюнчулары кетип, команда жаңы сезонду ийгиликтүү өткөрөрү күмөн жараткан.

Бирок сезондун башында “Алга” Азамат Байматов, Антон Землянухин, Данил Артюков, Эржан Токотаев, Аманжан Жаныбек уулу, Келвин Инкум, Алерива Олувасен деген сапаттуу оюнчулар менен курамын күчтөндүргөнү менен көпчүлүгү команда ийгилик жаратат деп ишенген эмес.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Футбольный клуб «Алга-Бишкек» (@mufc_alga)

Жыйынтыгында “Алга” биринчи турда “Илбирсти” 2:0 менен утту. 2-турда “Нефтчини” 2:0 менен жеңди. 3-турда “Абдыш-Атаны” өз үйүндө 1:2ге утту. 4-турда конокто “Каганат” командасына 90-мүнөттө гол киргизип, жеңишке жетсе, 5-турда “Алай” командасына беттештин биринчи бөлүгүндө 1:0 эсебинде утулуп жатып, экинчи таймда эки гол киргизүү менен 1:2 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен команда сезондун башындагы алгачкы 5 оюнунда жеңишке жетип, 15 упай менен турнирдик тизмектин сап башына чыкты.

Ал эми командада Темирболот Тапаев бул сезонду мыкты баштап, Кыргыз Премьер-лигасынын март айындагы кооз голунун автору атыкты.

“Алга” командасынын Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийинки заманбап тарыхына кайрыла турган болсок, анда мэрия каржылаган команда өзүнүн мыкты оюнун 2016-жылдагы сезондун башында өткөргөн. Анда “фрунзеликтер” 11 оюн катары менен утулган эмес. Сезондун алгачкы оюнунда “Дордой” менен тең чыгып, кийин 3 беттеш катары менен жеңишке жетсе, 5-турда “Алай” менен тең чыккан. Андан соң кайрадан 5 оюн катары менен жеңишке жетип, 11-оюнунда тең чыккан. Бирок ал сезондо “Алга” негизги атаандашы болгон “Алай” менен “Дордойдон” негизги оюндарда жеңилип, 18 оюндан соң өлкө чемпиондугун 39 упай менен 3-орунда жыйынтыктаган. Ал эми чемпион атыккан “Алай” ал жылы 45 упай топтогон.

Демек 2021-жылы “Алга” өзүнүн заманбап тарыхында футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын чемпиону наамын утууга бул сезондо мыкты мүмкүнчүлүк бар. Себеби команданы Азамат Байматов, Антон Землянухин, Виниамин Шумейко сыяктуу тажрыйбалуу оюнчулар алдыга сүрөп жатса, улуттук курмага быйыл чакыруу алабыз деген Эржан Токотаев, Темирболот Тапаев, Аманжан Жаныбек уулу, Данил Артюков, Кадырбек Шаарбековдор сезонду өзгөчө баштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>