Алга Кылычев тергөө менен кызматташмакчы болуп үй камагына чыкты

Алга Кылычев тергөө менен кызматташмакчы болуп үй камагына чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылычев тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Андан соң тергөөчүлөр аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиришип, сот аны канаааттандырган.

Буга чейин Алга Кылычев Атамбаевке жана СДПКнын башка өкүлдөрүнө каршы көрсөтмө берген.

Белгилей кетсек, Алга Кылычев, Фархад Бабиев жана Кыяс Смайлов УКМК кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип кармалышкан. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда алардын бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим кабыл алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>