Алмамбет Шыкмаматов: Өлкөдө пандемияга байланыштуу өкүнүчтүү окуяларга тиешеси барлар сөзсүз жазаланышы керек

Алмамбет Шыкмаматов: Өлкөдө пандемияга байланыштуу өкүнүчтүү окуяларга тиешеси барлар сөзсүз жазаланышы керек

«Пандемия биздин саламаттыкты сактоо системабыз канчалык деңгээлде талкаланып калганын көрсөттү. Биздин мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагында көптөгөн жылдар бою колдонуп келген ыкмасы толугу менен эскирген». Бул тууралуу Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

“Саламаттыкты сактоо системасы учурда инерцияга гана байланып турат. Ошондой эле пандемия биздин өлкөдө кадрдык саясаттын кыйраганын көрсөттү. Карапайым калк оор күндөрдө кыйынчылык менен өздөрү күрөшүп, адамдар өлүп жатканда чиновниктер да, мамлекеттик аппарат дагы жоопкерчиликсиз экенин, кесипкөй эместигин жана алсыздыгын көрсөттү. Буга жооптуу чиновниктер бул убакта ички структуралык териштирүүлөр менен алек болуп, эл аралык жардамдарды ысырап кылып жатышты”,- деп белгиледи ал.

А.Шыкмаматов ошондой эле пандемиянын кесепеттерине байланыштуу болуп жаткан окуяларга тиешеси барлардын баарын жазалоо керектигин белгиледи.

«Биз объективдүү, калыс комиссия түзүп, ушул тармактагы бардык көйгөйлөрдү табышыбыз керек. Тиешелүү жетекчилер даярдыктарды көрүп, адам өмүрлөрүн сактоонун ордуна башка иштер менен алек болушту»,- деди А. Шыкмаматов.

[su_image_carousel source=»media: 40043,40044,40045,40047″ crop=»none» autoplay=»4″]

Жыйынтыгында “Бир Бол” партиясынын талапкери жана көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы приоритеттүү милдеттерди белгилеп өттү.

«Күчтүү жана катаал чаралар менен гана биз мамлекеттик аппараттын бардык тармактарында болуп жаткан башаламандыкты токтото алабыз. Ал үчүн бизге парламентте ар-намысты, абийирди бардык нерседен жогору койгон эрктүү жаңы күчтөр керек. «Бир Болдун» жаңы лидерлери эч качан бийликтеги саясий топтордун жолун жолдошпойт, алардын туруктуу ички ишенимдери бар. Бул ишенимдерин алар таза абийир менен коргоого даяр»,- деди «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов.

Эске салсак, бүгүн 6-сентябрда «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкерлер Ош шаарында шайлоочулары менен жолугушту. Иш-чара «Киргизия» кинотеатрында өттү.

Жолугушуунун алдында талапкерлер жана партиянын жергиликтүү активдери Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болушуп, зыярат кылып, куран окушту.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 6-сентябрь, 2020-жыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>