Алмамбет Шыкмаматов: Экономиканы бетке кармабай, уран казууга тыюу салуу керек

Алмамбет Шыкмаматов: Экономиканы бетке кармабай, уран казууга тыюу салуу керек

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилер – депутаттар тобу.

Мыйзам долбоору боюнча тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору менен уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

Талкууда өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай бар экени, аларда жалпысы 300 миллион тоннадан ашык калдык бар экени такталды. Депутаттар Садык Шер-Нияз, Бактыбек Турусбеков экономикасы күчтүү Жапония, Украина сыяктуу өлкөлөрдө уран, торий кен казуулары боюнча ар кандай кесепеттерге тушугуп жаткандыгын мисалга тартып, мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Демилгечилердин бири депутат Алмамбет Шыкмаматов ошол СССР маалында казылган кендердин калтыктарынын кесепеттери бүгүн чыгып жаткандыгына токтолду.

«Калдык сактоочу жайлардан дагы алда канча зыян келет. Андыктан, мындай жагдайда экономиканы бетке кармоого болбойт»,- дейт ал.

Мындай пикирди улаган депутат Кожобек Рыспаев уран, торий сыяктуу радиактивдүү кендердин калдыктарын сактоочу жайлардын пайда болушуна шарт түзбөшүбүз керек дейт.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>