Алманын арасына катып, “гашиш” алып бараткан адам кармалды – сүрөт

Алманын арасына катып, “гашиш” алып бараткан адам кармалды – сүрөт

Лейлек районунунда маңзат алып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 12-январда Ош-Исфана унаа жолунда Бишкек шаарына каттаган “Мерседес-Бенц Спринтерде” жүргүнчү катары бараткан  Ош облусунун 32 жаштагы Н.А. аттуу тургунунан өзгөчө жыты бар, 1,5 кг  күрөң түстөгү зат табылган.

Экспертизанын корутундусунда аталган зат гашиш экени аныкталган.

Тергөө учурунда кармалган адам аны Бишкекте шериги күтүп жатканын айткан. Анын көрсөтмөсүнөн кийин Бишкек шаарынан 39 жаштагы И.Ш. аттуу Ош облусунун тургуну кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар мурда оор берене менен соттолгондугу аныкталган. 

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 54279,54280,54281,54282″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>