Алмаз уулу Аскар; «Кыргызстандын тагдырын өзгөртүү үчүн кайталангыс мүмкүнчүлүк алдык»

Алмаз уулу Аскар; «Кыргызстандын тагдырын өзгөртүү үчүн кайталангыс мүмкүнчүлүк алдык»

— Аскар, шайлоо алдындагы жарышка сиздердин партия эски саясий элитаны алмаштырууга даяр деген катуу билдирүү менен чыктыңыздар. Өзүңөргө өтө эле ишенип алган жоксуңарбы? Сиздердин партиянын мүчөлөрүнүн баары жаштар, саясатта эч кандай тажрыйбасы жок дегендей…

— Туура. Биздин партиядагылардын орточо курагы – 35 жашта. Биз – эгемен Кыргызстан менен бир курактабыз, бирге өстүк. Ушул жылдардын аралыгында кыргыз саясатындагы саясатчылардын жүздөрү менен аттары гана алмашты. Мамлекетти талкалап жаткан система өзгөргөн жок. Саясаттагы тажрыйба деген эмне? Мамлекетти 30 жылдан бери башкарып келаткан биздин саясий элитанын кейпин карасак, алар интрига жасагандан, бирин бири саткандан баштары чыккан жок, шайлоочулар тууралуу ооз ачпай эле коеюн. Алар мамлекеттик каражаттарды ич ара бөлүп алуу үчүн депутаттык орунга жанталаша жабышкан, олигархтар кланынын кызыкчылыгын коргогон, караманча калп айткан, эки жүздүү адамдар. Бизге мындай «саясий тажрыйбанын» кереги жок. Биз бийликти ошондой “тажрыйбасы” бар саясатчылардан тазалагыбыз келет – алар моюнга илинген таштай өлкөнү ылдый тартып жатат. Мындайча айтканда, өлкөнү чөктүрүп жатышат.

-Эски саясий элита деп жаткандардан силердин кандай принципиалдуу айырмачылыгыңар бар?

-Биз таза жана чынчылбыз. Биздин партия ушундай принцип менен түзүлүп, катарыбызга мурдагы саясий режимдердин схемаларына катышпаган, коррупциялык же башка жаңжалдарга аралашпаган таза адамдарды гана кабыл алганбыз. Биз сатылбайбыз, бизди эч ким сатып да алабайт. Парламентке өзүбүздүн амбицияларыбыз же бизнес кызыкчылыгыбыз үчүн эмес, карапайым элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн баратабыз. Маанилүү бир нерсе, биздин талапкерлер башка партиядагылардай тизмедеги «өтө турган» орун үчүн акча төлөшкөн жок. Биз мамлекетте мурда болуп көрбөгөн сейрек акция – онлайн-праймериз өткөрдүк. Биздин талаптарга жооп берген Кыргызстандын ар бир жараны «Эл Үмүтү» партиясынын катарына эмне үчүн кошулгусу келерин түшүндүрүп, өзүнүн таржымалын жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Шайлоочулардын эң көп колдоосуна ээ болгондор гана «Эл Үмүтү» партиясынан Жогору Кеңештин депутаттыгына талапкер болду. Ошондуктан биз башкалардан айырмаланып турабыз.

-Партиянын курамынын басымдуу бөлүгү өткөн жылы пандемия менен күрөшкөн жаштардан куралган. Шайлоого аттанууңарга ушул жагдай түрткү болдубу?

-Ооба, биз так ошол убакта бириктик. Өз күчүбүздү, мүмкүнчүлүктөрүбүздү, адамдарга, өлкөбүзгө керек экенибизди сездик. Биз ошондо кандай кыйынчылыктарды көргөнүбүздү, кандай көйгөйлөрдү чечүүгө туура келгенин унутпайбыз. Атка минерлердин шалаакылыгынын, кайдыгерлигинин, иш билгисиздигин курмандыктарын унутууга башкаларга да жол бербейбиз. Бизди туңгуюкка каптаган системаны өзгөртүү керектигин жон терибиз менен сездик. Эгерде система жакшы иштеп турганда, биз мунун баарын жасаганга аргасыз болмок эмеспиз.

-Шаардык кеңештин шайлоосунда кантип жеңишке жеттиңиздер эле?

-Жаштар ойгонду, өсүп жетилди, алар эски саясий элита таңуулаган эрежелер менен жашагысы келбейт. Ал шайлоодо жаштарга улуу муундагылар да кошулду. Себеби, биз болуп жаткан көйгөйдү так көтөрүп, аны чечүүнүн реалдуу жолдорун сунуштадык. Жалаң аткарылбаган убадалар менен жашап келген эл шайлоодо бизди колдоого алды. Элдин үмүт, тилеги ушул болчу. Элдин бул ишеними бизге чоң күч берип, алдыдагы парламенттик шайлоого аттануубузга түрткү болду.

— Президент Садыр Жапаровдун сиздердин партияга кандай тиешеси бар жана сиздер анын саясатын колдойсуздарбы?

-Өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн аркасы менен бизге окшогон жөнөкөй жаштарда чоң саясатка аралашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга чейин жаштарда андай мүмкүнчүлүк болгон эмес – партиялар парламенттеги орунду сатып алчу. Садыр Жапаров жарыялаган жаңы шайлоо системасы баарын өз ордуна коюп, эл чынында кимди колдой турганын көрсөтүшү керек. Мурдагыдай шайлоого бир талапкерди көрсөтүп, кийинчерээк аларды тизмеден чыгарып салуу деген болбойт. Аны менен бирге албетте, добуш сатып алуу, шайлоочуларды ташып келүү жана башка мыйзам бузуулар менен жапырт күрөшүү шайлоо чынында эле таза өтөт дегенге үмүт берет.

— Сиздердин катарыңыздарда шаардык жаштар басымдуу экен. Айылдардын, аймактардын көйгөйлөрүн чечүү колуңардан келеби?

— Бизди кандайдыр бир топторго, аймактарга бөлүүнүн кажети жок. Биз ар башкабыз, шаардыкпыз, айылдыкпыз. Бүт өлкөбүз! Шаардын, айылдардын, жалпы эле калктын ар бир катмарынын көйгөйлөрүн сезип билип турабыз. Биздин да балдарыбыз, улгайган ата-энелерибиз бар. Демек, жалпы элдеги көйгөй бизде да бар жана аны менен күрөшүп келебиз.

— Эгер саясатка жаш муундун өкүлдөрү келсе, өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

— Чоң өзгөрүүлөр болот. Жаш депутаттардын, жаңы саясатчылардын келиши менен бул иш башталат. Биринчи кезекте, көптөн бери айтылып, бирок ушул күнгө чейин ишке ашпай келе жаткан люстрация ишке ашат. Бул жөн гана эски саясатчылардын ордун алмаштырып коюу менен бүтүп калбайт. Бул эң маанилүүсү. Мындай табигый люстрациядан улам мамлекеттик башкарууда революция болууга тийиш. Не бир жакшы идеялар мурда деле айтылып келген. Бирок эски муундагы саясатчылар жана чиновниктердин аларды ишке ашырууга шайы да, интеллектуалдык даремети да жеткен эмес. Баары кагаз бетинде кала берген. Ошол эле санариптештирүүнү алсак, ал да жаш муун тарабынан демилгеленди. Бирок аягына чыга элек. Жаштар чечимдерди ылдам кабыл алып, жаңыча ой жүгүртүшөт. Ушул жагдайлар, калктын жашоосунун бардык чөйрөсүндө өзгөрүүлөрдү алып келет.

-Шайлоодо жеңип чыга аласыздарбы?

— Жеңүүгө милдеттүүбүз! Бүт баарыбызга, кыргызстандыктарга биздин өлкөнүн, элибиздин тагдырын өзгөртүүгө кайталангыс мүмкүнчүлүк келип турат. Биз аны колдон чыгарып жиберүүгө укугубуз жок!

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «26» октябрындагы №8 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т .А. Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу «Акчабар» ЖЧК Бишкек шаары, Каракульская көч.1. Тиражы: (саны) 1 даана. Басылган күнү  4-ноябрь 2021-жылы.  «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>