Алмазбек Атамбаев июнга чейин абакта калтырылды

Алмазбек Атамбаев июнга чейин абакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын 7-июнга чейин узартты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде өткөн отурумда бөгөт коюу чарасынын мөөнөттү 7-июнга чейин узартылды.

Ал эми, Атамбаев ооруп жаткандыгына байланыштуу алынып келинбегендиктен, соттук отурум 15-апрель саат 14:00гө жылдырылган.

Бул иште Атамбаев менен катар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, гематолог Абдухалим Раимжанов жана ЖАМКнын ошол кездеги жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев айыпталууда.

Жогорку сот былтыр 30-ноябрда Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Ага чейин, июнда райондук соттун чечими менен Атамбаев Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

Атамбаев жана анын тарапташтары, адвокаттар ага карата козголгон иштерди саясий куугунтук катары баалап келатышат.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылы октябрда өткөрүлгөн.

Мындан тышкары мурдагы президентке карата Кой-Таш окуялары жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштердин баары бириктирилип, учурда сотто каралууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>