Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап ооруканага жаткырылды

Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап ооруканага жаткырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-июнда мурдагы президент ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан ПЦР-тест алынган. Атамбаевден коронавирус аныкталган эмес, бирок пневмония экени тастыкталган.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу жана сыйлыктарынан ажыратуу өкүмү чыгарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>