Алтымышева: Коронавирустан айыккан бейтаптар калыбына келүү үчүн убакыт керек

Алтымышева: Коронавирустан айыккан бейтаптар калыбына келүү үчүн убакыт керек

СOVID-19 илдетинен айыгып чыккан бейтаптардын бардыгына реабилитация үчүн убакыт керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборуунун директору Нурила Алтымышева брифингде билдирди.

Ал оорудан айыгып чыккан, бардык адамдарга ден соолугун кайра калыбына келтирүү зарыл экенин белгиледи.

«Көпчүлүк адамдар, айыккандан кийин деле кичинекей физикалык кыймыл-аракеттен дем алуусу кыйындап, алсыз болуп, тез чарчап калаарын айтышат. Өзгөчө, реабилитация оорунун орточо оор же оор түрү менен ооругандарга керек. Андыктан, ден соолукту калыбына келтирүү процесси кажет. Ар бир адамда реабилитация процесси ар башкача болот”, — деп билдирди Алтымышева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>