Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик туунун авторлору менен жолукту (сүрөт)

Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик туунун авторлору менен жолукту (сүрөт)

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Жолугушуу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгын белгилөөнүн алдында болду.

Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик желектин авторлорун куттуктап, алардын Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын бекемдөөгө кошкон салымын белгиленди.

Мамлекеттик туунун авторлору Өкмөткө өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Мындан тышкары жолугушууда желектин авторлорунун көз карандысыздыкты бекемдөөгө кошкон салымын эске алып, аларга колдоо көрсөтүү маселеси дагы талкууланды.

Мамлекеттик туунун авторлоруна өкмөт башчынын атынан белектер берилди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Советтин токтому менен бекитилген. Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров жана Маматбек Сыдыков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>