Алтынбек Сулайманов: “Атка жеңил, тайга чак” Өкмөт түзөбүз”

Алтынбек Сулайманов: “Атка жеңил, тайга чак” Өкмөт түзөбүз”

«Альянс” саясий партиясы бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жоюу максатына жетүү үчүн, “Атка жеңил, тайга чак” Өкмөт түзөт”. Бул тууралуу аталган партиядан депутаттыкка талапкер Алтынбек Сулайманов билдирди.

Партиянын программасында камтылган мамлекеттик башкаруу системасында Кыргызстандын жараны негизги кардар болушу керек. Ошондой эле мамлекеттик органдардын функцияларына бардык тараптан анализ жүргүзүү жана алардын аппараттарын эки эсе азайтуу – биздин башкы максат”, — деди Сулайманов.

Талапкер мамлекеттик кызматтарга кадрларды тандоодо көз карандысыз комиссиянын жана иштелип чыккан так критерийлердин негизинде таза жана ачык сынак өткөрүүнү камсыздоо керектигин кошумчалады. Муну менен катар бардык мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү,салыктык жана башка төлөмдөрдү чогултууда көзөмөл жүргүзүүнүн автоматташтырылган, санариптик системасын жакшыртуу — партиянын негизги максаттарына кирет. Сулаймановдун пикиринде, бул коррупцияны жана адилетсиз салык төлөмдөрүн минималдаштырат.

 

Альянс — №3 — Бир күч!

Алтынбек Сулайманов — №5

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>