Алтынбек Сулайманов: Латын алфавитине кайтып келишибиз керек

Алтынбек Сулайманов: Латын алфавитине кайтып келишибиз керек

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралууда. Анда депутат Алтынбек Сулайманов түрк тилдүү элдердин ичинен Кыргызстан гана латын алфавитине өтө электигин белгилеп, Исаковдон латын алфавитине өтүү боюнча пикирин сурады.

Сулайманов казактар 2025-жылдан тарта латын алфавитине өткөнү жатканын кошумчалады.

Каныбек Исаков латын алфавитине өтүү боюнча чоң талкуулар болуп жатканын, өзгөчө түрк тилдүү элдерди бири-бирине жакындатуу боюнча аракеттер бар экенин билдирди. Мындан тышкары ал мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болсо, латын алфавитине өтүүнү колдой турганын айтты.

Депутат кыргыз тилинин грамматикасын түптөгөн Касым Тыныстанов баштаган ишти аягына чыгаруу керектигин баса белгиледи.

«Латын алфавитине кайтып келишибиз керек. Биз буга чейин латын алфавитин 10 жылдан ашык колдонуп келгенбиз. Бизге бул абдан ыңгайлуу. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жакшы салым болот», — деди Сулайманов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>