Алтынбек Сулайманов: Октябрь окуясында бийликти басып алып, алардын ордуна баруу максатым болгон эмес — видео

Алтынбек Сулайманов: Октябрь окуясында бийликти басып алып, алардын ордуна баруу максатым болгон эмес — видео

Октябрь окуясында менде бийликти басып алып, алардын ордуна баруу максатым болгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Жандан» ютуб каналына берген маегинде билдирген.

Журналист Алтынбек Сулаймановго: «октябрдагы окуяларда сиздин партиянын катышуусунда координациялык кеңешти түзгөнсүздөр, активдүү катышкансыздар, анан эмне себептен сиздер көрсөткөн талапкер бийликке келген жок, эки-үч топ биригип бир ойго келе алган жоксуңар, башка бир күч жеңип кетти?», — деген суроо берилди.

Эл өкүлү митингге 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен гана чыкканын айтып, буларга токтолду:

«Октябрь окуяларынын биринчи кадамы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу деген ураандын астында чыкканбыз. Экс-президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганыбызды, кайрадан шайлоо өтсүн деген талап койгонбуз. Ошол күнү саат 20.00гө 10 мүнөт калганда мен борбордук аянтта болчумун. Тескерисинче, бийлик элдин талабын укпай, аянтка чогулгандарды таратууга аракет кылып, көздөн жаш агызуучу заттарды чачып, кулак тундуруучу заттарды жардырып жатышты. Бирок эл артка чегинген жок, түнү менен Ак үйдү алып коюшту. Анда биздин башыбызга бийликти басып алып коюу деген максат жок болчу. Биз жоопкерчиликти алып калабыз деген ой менен, башаламандыкты токтотуу менен алек болуп жаттык. Анткени 2005-жылы талап-тоноону көргөнбүз да, жүрөгүбүздө өлкө укутук талаадан чыгып кетпесин деген гана ой турду. Ошол мезгилде бийликти алышыбыз керек деген максат менен жүргөн 2-3 топ болду. Алар алдыга койгон максаты менен айтып жатышып, жыйынтыгында жеңишти. Жеке менде андай максат болгон эмес, ошол себептен мындай кадамга бара алган жокмун», — деп жооп берди депутат Сулайманов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>