Аманова: Кыргызстанда миң адамга бир маданият кызматкери туура келет

Аманова: Кыргызстанда миң адамга бир маданият кызматкери туура келет

Кыргызстанда миң адамга бир маданият кызматкери туура келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди. Айтымында, маданият кызматкерлердин аздыгы да кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизип жатат.

“Бүгүнкү күндө министрликте жалпы 12,5 миң маданият кызматкери эмгектенет. Бул кызматкерлерди Кыргызстанда жашап жаткан калктын санына бөлгөндө миң адамга бир маданият кызматкери туура келет. Бул өтө аз. Мындан улам бүгүнкү күндөгү министрлик санына жана сапатына көңүл бурууда. Учурдагы эң негизги көйгөйлөрүбүз ушулар. Ошондуктан адистерибиздин иш таржыйбасын чет өлкөлөрдө жана өлкө ичинде жогорулатуу”,- деди Аманова.

Аталган министрлик беш багыт боюнча иш алып барууда. Маданият багыты эле үч чоң багытка бөлүнгөн. Алар профессионалдуу билим берүү, искуствону өнүктүрүү жана өлкөдөгү тарыхый маданий мурастарды сактоо. Мындан сырткары маалымат багыты боюнча чоң иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле спорт, жаштар саясаты жана этика багыттары.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>