Андрей Малахов Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине келди

Андрей Малахов Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине келди

Орусиялык теле алып баруучу Андрей Малахов Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине келди.

Бул тууралуу элчиликтин кызматкери Тимур Саралаев Фейсбуктагы баракчасына жазып, алып баруучу менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

“Келиптир Элчиге…
Акырын эле суйлойт экен, чон сабак болду мага дейт…
Кызматташалы Кыргызстан менен деп суранды Элчиге.
Мен, — «Андрей Николаевич, МЫ кыргызы великодушный народ…», деп колун катуу-катуу кысып койдум”, — деп жазган ал.

Орсиялык теле алып баруучу менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси эмне тууралуу сүйлөшкөнүн билүү үчүн Элчилик менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Эске салсак,  Андрей Малахов 24-сентябрда орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен. 

Бул көрүнүштөн кийин кыргыз коомчулугу Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.

Андан соң Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жана шоу-бизнес өкүлдөрү Малаховдун айткандарына үн катышкан.

Кийин Малахов кыргыз элине акаарат келтиргени үчүн кыргыз тилинде кечирим сураган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>