Англис тилин үйрөткөн “Тынчтык корпусунун” ыктыярчылары Жалал-Абадда баңги зат менен кармалышты

Англис тилин үйрөткөн “Тынчтык корпусунун” ыктыярчылары Жалал-Абадда баңги зат менен кармалышты

АКШнын Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы эки ыктыярчысы бир килограмм дан ашык марихуана менен кармалышты. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка карганда кармалган АКШ жарандарынын бири 2017-жылдын август айынан бери Аксы районундагы орто мектептердин биринде ыктыярчы катары балдарга англист тилин үйрөтүп келген.

[su_quote]19-сентябрда милиция Бишкек-Ош автожолунда жолунда Honda Odyssey автоунаасын токтоткон. Унаада жүргүнчү болуп бараткан АКШнын көз карандысыз федералдык “Тынчтык корпусу” агенттигинин ыктыярчылары Йии Дэниел Жеймс жана Павел Девяткин шектүү катары көрүнгөн соң, милиция кызматкерлери унааны текшерүүгө алышкан. Анын жыйынтыгы менен жүргүнчүлөрдүн жанынан 1 килограмм 26 грамм көлөмүндөгө «марихуанага окшош, жашыл зат» табылган. Жогоруда айтылган зат соттук-химиялык экспертизага тарабынан  марихуана экени аныкталган.[/su_quote]

Йии Дэниел Жеймс баңгизат ага тиешелүү экенин айткан соң Токтогул райондук сотунун чечими менен Жалал-Абаддын СИЗОсуна 2 айга камакка алынган.

Ал эми Павел Девяткин бошотулган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>