Антонина Шевченко эң мыкты таймашы үчүн 50 миң доллар «бонус» алат

Антонина Шевченко эң мыкты таймашы үчүн 50 миң доллар «бонус» алат

UFC Антонина Шевченконун чехиялык спортчусу Люси Пудиловага каршы күч сынашуусун «кечтин таймашы» деп атады. Спортчулардын экөөсү тең таймаш үчүн 50 миң доллардан алышат. Турнир 3-августтан 4-августка караган түнү АКШнын Ньюарк шаарында өттү. Бул тууралуу «Клооп» жазып чыкты.

Шевченко атандашына тумчуктуруу ыкмасын колдонуп, экинчи раундда жеңишке жетти — анын каршылашы эс-учун жоготуп баштаганда таймаш токтотулган. Бул Шевченконун UFC турнириндеги экинчи жеңиши.

Антонина Шевченко 57 кг салмакка чейинки мушкерлердин ТОП-15ине кирет. Анын кичүү сиңдиси Валентина Шевченко — ушул эле категорияда UFC версиясы боюнча мушташтын аралаш түрү боюнча чемпиону.

Эже-сиңди Шевченколордун улуусу UFCге салыштырмалуу жакында эле келген. Ал мурдараак бир нече жолу тай боксу боюнча дүйнө чемпиону болгон.

UFC же абсолюттук мушташ чемпионаты (Ultimate Fight Championship) — бул аралаш эрежелер боюнча таймаштарды өткөрүүчү спорттук уюм — MMA (Mixed Martial Arts).

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>