Анжиян акимчилиги шаар башчысын интимдик сүрөттөрү үчүн кызматтан алган. Өзү ал айыпты четке кагууда

Анжиян акимчилиги шаар башчысын интимдик сүрөттөрү үчүн кызматтан алган. Өзү ал айыпты четке кагууда

Анжиян шаардык администрациясынын басма сөз кызматы шаар башчысы Дилмурод Рахматуллаевдин Интернетте тараган жылаңач сүрөттөрү фотошоп экенин билдирди.

Анжиян калаа башчысы Дилмурод Рахматуллаев 26-августта Эл депутаттарынын шаардык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясында кызматтан алынган.

Отурумга катышкан өз булактын билдиришинче, Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов депутаттарга Дилмурод Рахматуллаев “тургундардын арызы менен жумуш иштөөдө кетирген кемчиликтери үчүн” кызматтан алынганын жарыялаган.

Ал күнү жергиликтүү айрым басылмалар “Рахматуллаев жылаңач түшкөн сүрөттөрү Интернетте тарап кеткени үчүн жумуштан бошотулду” деп жазышкан.

Бирок сессияга катышкан анжияндык депутат жыйын учурунда жылаңач сүрөттөр тууралуу кеп болбогонун белгилеген.

Шаар администрациясынын басма сөз катчысы Гүлшан Кучкарованын билдиришинче, бул сүрөттөрдү калаа башчысы фотошоп деп атаган.

– Сүрөттөр Интернетте тараган учурда мен анын жанында болчумун. Ал сүрөттөрдү көрүп, катуу чочуду. Мен да, ал да сүрөттөр фотошоп экенин байкадык. Кимдир бирөө анын абийирин төккүсү келген. Дилмурод-ака бул үчүн абдан сарсанаа болуп, дипрессияга түштү, – деди ал.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>