Ардагер бабасын жеңиш күнүндө алган акчасын тонойм деп өлтүргөн кыз соттолду

Ардагер бабасын жеңиш күнүндө алган акчасын тонойм деп өлтүргөн кыз соттолду

Чөбөрүсү Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, бабасын 425 миң рубль үчүн өлтүргөн.

Окуя Орусиянын Мурманск облусунун Ковдор шаарчасында болгон. Анда 2019-жылы 10-июль күнү Ковдор шаарчасынын тургуну 94-жаштагы атасынын үйүнө келген. Ага эшикти эч ким ачкан эмес. Ал үйгө кирип, атасынын канга чыланган жансыз денесин тапкан.

Ошол эле күнү тергөөчүлөр ыкчам-иликтөө ишин жүргүзүп, ардагер өз чөбөрөсүнүн колунан өлгөндүгүн аныкташкан. Чөбөрөсү ал убакта 18 жашта гана болгон. Ал  бабасынын Жеңиш күнүнө карата мамлекеттен акча алганын билип, таш көтөрүп алып аны карактаганы барган.

Ал кирип акча талап кылганда абышка баш тарткан. Ушул учурда кыз таш менен аны уруп жыгып, жатып калган абышканы таш менен бир нече жолу башка — көзгө койгулаган. Ардагер ошол жерде жан берген. Анын үйүн тинткен кыз эч нерсе таппай куру кол кеткен.

Сот кечээ, 16-сентябрда бабасын өлтүргөн кызга өкүм чыгарган. Аны күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>