Асановдун жактоочусу Жунушалиевади кызматтан четтетүүнү талап кылды

Асановдун жактоочусу Жунушалиевади кызматтан четтетүүнү талап кылды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кызматтан кетирүү талабы менен жактоочу Икрамидин Айткулов президент Сооронбай Жээнбековго жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Жактоочунун айтымында  Кашкар Жунушалиевдин кызматта турушу Ички иштер министринин мурдагы орун басары  Курсан Асановко козголгон ишти тергөөдө таасири тийиши мүмкүн деген жүйө келтирген.

Курсан Асанов “милициянын кызыкчылыгын саткан” деп 13-августта кызматтан алынган. Аскер прокуратурасы 14-августта ага кылмыш ишин козгоду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>