Асель Кадырбекованын апасы: Кызым пост жаза турган акыбалда эмес

Асель Кадырбекованын апасы: Кызым пост жаза турган акыбалда эмес

Ырчы Асель Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева кызынын Инстаграммдагы баракчасындагы салонду жарламалаган постту өзү жазганын айтып, билдирүү жарыялады

Ал өзүнүн билдирүүсүндө, элдин терс өңүттө жазылган пикирлеринен жүрөгү ооруп жатканын жашырган эмес.

 “Кызым ооба, ооруканадан аман-эсен чыкты, Кудайга шүгүр, реанимацияда иштеген бут медицина кызматкерлерине таазим кылам. Кызымды экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Сабыр кылып туруңуздар, кызым интернет карап, бир нерсе жаза турган акыбалга келе элек Ал эми “салонду жарнама кылбай кызың жөнүндө маалымат бербейсиң” дегендерге: Салонду жарнама кылуу менин ишим. Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксыңар, “энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп!”. Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле. Бизнести токтотсок артка кетет, кызымдын ушунча эмгегин таштап коё албайм. Канча деген убактысын, нервин кетирип, жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып, киреше алып келсе, кызыма менден жардам болот. Эчкимди “балам” деп сыздатпасын. Эгерде биз жакпай жатсак, биздин инстаграмга кирбей эле коюңуздар, өзүңүздөрдүн да жаман нерселерди жазып убактыңыздарды коротпоңуздар, күнөөгө батпаңыздар”, — деп жазган ырчы Асель Кадырбекованын апасы.

Асел Кадырбекова  26-июнда Toyota Camry унаасы менен баратып, Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө вкчам аракетке келчү топтун унаасы менен кагышкан.

Кырсыктан жаракат алган ырчы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда бир нече күн оор абалда жатып, август айынын башында үйүнө чыккан.

 

View this post on Instagram

 

Саламатсыздарбы кыргыз элим!Кутман тан!Эртен менен аябай негатив комментарийлерди окуп журогум ооруду!Мен энемин,кызыма ушундай терс таасир эткен создорду ыраа коргум келбейт!Кызым эч кимге катуу суйлобогон назик инсан!Мен сиздерге,сиздер окуган дуаныздарга эки жолу ыраазычылыгымды билдиргем!Эгерде ошол жазган ыраазычылыгымды окубасаныздар мен куноолуу эмесмин да.Сиздерден сураныч,негатив жазган инсандар,сиздер мен жана кызым жонундо аябай жаман создорду жазып моокумунуздар кандыбы?Эмне маалымат уккунуздар келди?Кызым ооба,больницадан Аман-эсен чыкты,кудайга шугур!Реанимацияда иштеген бут медицина кызматкерлерине таазим кылам!Кызымды экинчи жолу торогондой болдум!Буйруса акырындап озуно келе баштады??Убакыт керек экен.Сабыр кылып турунуздар,кызым интернет чукулап,бирнерсе жаза турган акыбалга келе элек!А салон жонундо жазгандарга,реклама кылбай кызын жонундо маалымат бербейсин дегендерге!Салонду реклама кылуу менин ишим!Эгерде иштебей туруп калса дагы айтмаксынар,энеси оозун ачып отурбай иштетпейби деп!Мен жардам бербесем ким жардам бермек эле!Бизнести токтотсок артка кетет,кызымдын ушунча эмгегин таштап койо албайм.Канча деген убактысын,нервин кетирип,жакшы ой-тилек менен ачкан салон элге кызмат кылып,киреше алып келсе,кызыма менден жардам болот!Эчкимди балам деп сыздатпасын!Эгерде биз жакпай жатсак,биздин инстаграммга кирбей эле коюнуздар,озунуздордун да жаман нерселерди жазып убактыныздарды коротпонуздар,куноого батпаныздар!Дуа кылып,кызым учун сарсаана болгонунуздарга ыраазычылыгымды билдирем!!

A post shared by Дилбар Монокбаева (@monokbaeva055) on

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>