Ассоль Молдокматова Баткендик 138 баланы эс алдырат

Ассоль Молдокматова Баткендик 138 баланы эс алдырат

Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга барат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна барып, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолуккан.

Ал балдар менен жакындан баарлашып, ар бирине бекем ден соолук, кең келечек каалады.  Ошону менен катар жалпы 138 балага 3000сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Ассоль Молдокматова окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийим кече менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө, 10 күндүк  эс алууга алып бараарын айтып, ата энелер менен макулдашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>