Ат-Башыдагы ажаткана саркындылары арыкка куюлууда (ВИДЕО)

Ат-Башыдагы ажаткана саркындылары арыкка куюлууда (ВИДЕО)

Нарын облусунун Ат-Башы айылындагы  ажатканалардагы саркындылар арыктагы сууга кирип жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге  окурмандар видеосун жөнөтүп, нааразылыктарын билдиришкен.

Нааразы тарап “Ат-Башы суусунан бөлүнүп чыккан айылдагы огороддорду сугара турган арыктардын жээгиндеги бул ажатканалардын ээлерине айтып жатып түшүндүрө албадык. Бул арыктарга бок-сактар сарыгып кирип жатат. Ылдый жактан айрым жарандар да ичишет. Бул жагдайга жергиликтүү бийлик деле кол шилтеп коюшкан. Эмне кылышты билбей калдык”  — деп суроо салган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>