“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Саляновадан кабар алышты

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Саляновадан кабар алышты

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко №1 тергөө абагында отурган Аида Саляновадан кабар алышты.

Каныбек Иманалиев билдиргендей, алар Салянованын ден соолугуна байланыштуу комиссия түзүү боюнча адвокат аркылуу тиешелүү тарапка кайрылуу жиберишкен.

Белгилей кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпталып камакка алынган. Биринчи Май райондук соту аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>