Атамбаев ИИМге үчүнчү жолу суракка чакырылды

Атамбаев ИИМге үчүнчү жолу суракка чакырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына үчүнүч жолу суракка чакырылды. Маалыматты REPORTER.KG агенттигине ИИМдин басма сөз каттчысы Карима Аманкулова ырастады.

Анын айтымында, 19-июлда эртең менен суракка барышы керектиги жазылган  чакырууну милиция кызматкерлери бүгүн  Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирип беришкен. 

Белгилей кетсек, Тергөө кызматы Атамбаевди 8-жана 10-июлда эки жолу суракка чакырган. Бирок мурдагы өлкө башчысы ИИМге суракка барган эмес.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, суракка барбай турганын, аны суракка чакыруу мыйзамсыз экенин айткан.

Эскерте кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш 103 депутаттын макулдугу менен Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура Атамбаевди жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган. Алар:

  • Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
  • Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу;
  • Акча адалдаган “Ака Петролеум” жана “АКА Инвест” компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
  • Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
  • ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>