Атамбаев Орусияга түшкө чейин учат

Атамбаев Орусияга түшкө чейин учат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусияга бүгүн түшкө чейин учуп кетет. Бул тууралуу 23-июлда Кой-Таш айылында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Бирок мурдагы президент кайсы аэропорттон учаарын айтпай, “узатууну каалагандар саат тогузга Кой-Таштагы үйүмө келгиле” деген.

Белгилей кетсек, ИИМдин тергөө кызматы Атамбаевди 3 жолу суракка чакырган. Мурдагы президент өзүн суракка чакыруу мыйзамсыз экенин белгилеп, бир дагы жолу суракка барган эмес. Мындан улам Ички иштер министрлигинин жетекчилери Атамбаевдин суракка барбагындыгын билүү үчүн Кой-Таштагы анын үйүнө да барган.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди 103 депутаттын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>