Атамбаев жана аны коштоп кеткендер бүгүн кечинде Бишкекке кайтып келерин айтышты

Атамбаев жана аны коштоп кеткендер бүгүн кечинде Бишкекке кайтып келерин айтышты

Бүгүн, 25-июлда кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келет. Бул тууралуу Атамбаевдин тарапташы, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Ал Москвага болгон сапар пландын негизинде өткөнүн билдирди.

«Биздин көп тараптуу жолугушуулар аягына чыкты. Биздин ийгиликтерди белгилеп, сейилдөөгө чыктык. Баардыгы эң жакшы, Бишкек бизди күт, кечинде барабыз», — деп жазган ал.

24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарында жайгашкан авиабазадан РусДжет авиакомпаниясынын ВС RRJ-95B  учагы менен Москвага учуп кеткен. Ал жакта Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Кыргызстандагы ички абалды талкуулаган.

Атамбаевди коштоп Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>