Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон Үсөн Ниязбек уулу «Эрдик» медалы менен сыйланды

Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон Үсөн Ниязбек уулу «Эрдик» медалы менен сыйланды

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон Үсөн Ниязбек уулу аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды.

Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-августта кол койгонун Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары  Үсөнбек Ниязбек уулу 47 жаш курагында каза болгон. Артында 6 баласы калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>