Атамбаевди туулган күнүндө куттуктаган жан сакчысы УКМКнын 9-кызматынан иштен алынды

Атамбаевди туулган күнүндө куттуктаган жан сакчысы УКМКнын 9-кызматынан иштен алынды

 «Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн анын жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынды». Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдиргенин «super.kg» жазды.

«Сагымбаев бүгүн, 20-сентябрда иштен алынды. Буга чейин ал Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган болчу. Бул видеороликти Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев даярдап жаткан, августтун аягында биз Канат менен Кой-Таштагы окуя болгон жерлерди көрүү үчүн барганбыз. Ошондо Кадыр ага Атамбаевди видео аркылуу куттуктоону сунуштаган. Канат макул болду. Макул болгонунун себеби, 9-кызматтын ички эрежелерине ылайык, андагы кызматкерлерге коомчулукка видеокайрылуу жасоого, журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салынат. Бирок кимдир бирөөнү куттуктоого, видео аркылуу да куттуктоого тыюу жок», — дейт Жоошев.

Ошондой эле ал УКМК Сагымбаевди кызматтан алып жатканда «Сен Атамбаевди куттуктадың, бул сенин кызматыңа дал келбеген аракет» деген негиз менен кетиргенин кошумчалады. Мындан тышкары, жактоочу Сагымбаевге пенсия гана төлөнө тургандай кылып, калган мыйзамда каралган төлөмдөрдүн баарын алып салганын айтты.

Азырынча УКМК бул боюнча маалымат тарата элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>