Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү Субихи Пархати кармалды

Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү Субихи Пархати кармалды

Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштин алкагында мурдагы президенттин бизнес-өнөктөшү деп айтылып келген 28 жаштагы Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү бир катар басылмалар жазып чыгышты.

Башкы прокуратура Субихи Пархатинин бөгөт чарасын кароо өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылганын райондук соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова Репортер агенттигине билдирди. Анын маалыматына карагандла сот 14-октябрда ишкерди эч жакка чыкпоо боюнча бөгөт чарасын аныктаган.

Буга чейин Атамбаев “Форум” ишканасын ишкер Субихи Пархатиге саткандыгын парламенттин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айткан.

2018-жылы Эдил Байсалов Субихи Пархати тууралуу иликтөө жасап, анын Алмазбек Атамбаев менен бизнес-өнөктөш экендиги тууралуу баяндаган. 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда  28 жаштагы Субихи Пархати  Кара-Балта шаарында туулуп, Кытайдын Үрүмчү шаарында чоңойгон. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>