Атамбаевдин тарапташтары аянтка жөнөдү

Атамбаевдин тарапташтары аянтка жөнөдү

“Форум” ишканасынын алдында уюштурулган митингдин катышуучулары экс-президент Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаковдун коштоосунда борбордук аянтка жол тартты.

Алар учурда 7-апрель көчөсү аркылуу кетип баратышат.

Бүгүн Бишкекте үч жерде митинг уюштурулуп жатат. “Форум” ишканасына чогулгандар президент Сооронбай Жээнбеков, Раимбек Матраимовдордун үй-бүлөсүнө каршы ураандарды айтышты. Ал эми темир жол бекетинде топтолгондор Кыргызстандагы кылмыштуу топторго каршы акция уюштуруп, соңку күндөрү алар болуп көрбөгөндөй баш көтөрдү деп кабатыр болууда.

Ал эми премьер-министр катары иш алып барып жаткан Садыр Жапаровдун тарапташтары борбордук аянтта топтолуп турат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда коомдук-саясий кризис уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>