Атамбаевдин жан сакчысын  тергөө абагында кармоо мөөнөтү  узартылды

Атамбаевдин жан сакчысын  тергөө абагында кармоо мөөнөтү  узартылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди № 1 тергөө абагында кармоо мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

27-сентябрда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырган.

Белгилей кетсек, Канат Сагымбаев 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган. Ага адам өлтүрүүгө катышуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, тергөөгө тоскоолдук жаратуу жана Кой-Таштагы башаламандыкка катыштыгы бар деген айып коюлуп жатат.

Канат Сагымбаев Алмазбек Атамбаевди куттуктаганы үчүн 20-сентябрда УКМКнын 9-кызматынан иштен алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>