Аялзаты эркектерден 6 нерсени сурагандан уялат. Тизме

Аялзаты эркектерден 6 нерсени сурагандан уялат. Тизме

Аялзаты – кызыктуу жана аларды түшүнүп бүтүү мүмкүн эмес. Алар каалоолору тууралуу эркектер өздөрү эле билет деп айтышпайт жана жолдошу каалоосун билбей же аткарбай калса таарынышат.

Бардык аялзаты эңсеген бир канча нерсе бар. Бирок кандайдыр бир себептерден улам алар эркектерге айта алышпайт:

1.Төшөккө таңкы тамак алып келүү

Муну төшөккө таңкы тамак гана алып келүү менен чектебейбиз, айрымдар таңкы тамак жебейт, кээ бири төшөктү булгайт дешет. Ошондуктан, таңкы тамакпы же түшкү же кечкиби өзүңүздүн айымыңыздын табитине жаккан жана ал каалаган жерди тартуулаңыз.

Эң маанилүүсү сиз чын жүрөктөн сүйүктүүңүз үчүн жасаган тамак, анын маанайын көтөрөт.

2.Жардам

Жардам сурагандан уялышат, баарын өздөрү ташып, көтөрүп эркектер кол кабыш кылбаганы үчүн жиндери келип кыйналышат. Ошондуктан, эгерде сиздин сүйүктүү айым жардамга муктаж экенин көрүп турсаңыз, сурабастан сөзсүз жардам бериңиз. Айымдар мындайларды унутпайт.

3.Жакшы сөздөр

Айрым учурда сүйүктүңүздүн көңүлүн көтөрүү үчүн көп акча коротуп, көп аракет жасоонун деле кереги жок. Жөнөкөй көңүл жылыткан жакшы сөз кээде кымбат белектен дагы манилүүрөк. Аларга ар дайым кандай сулуу, назик экендигин эскертип турганыңыз жакшы.

4.Гүл

Белекке гүл алганда сүйүнбөй койбогон аялзаты жок. Ошондуктан айттырбастан гүл тартуулап, сүйүктүңүздүн көңүлүн бир нече күнгө көтөрүп коюңуз.

5.Жакындарына сый-урмат

Сүйүктүүңүздүн жакындары тууралуу жаман нерсе айтуудан алыс болуңуз. Мындай нерсе ага каршы сый-урматыңызды көрсөтөт.

Сизди анын бардык тууган, жакындарын жактырышыңыз керек деген нерсе жок, а бирок сыйлоого милдеттүүсүз.

6.Биринчи жолугушуудай жолугуулар

Канча убаккыттан бери бирге болсоңуздар дагы, аялзаты сиздин сүйүүңүздү сезип турушу керек. Ошол үчүн сүйүктүүңүздү жолугушууларга, сейилдөөгө, киного, ресторанга чакырып күнүмдүк көйгөйлөрдөн алыстатып, көңүл буруп туруңуз.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>