Азаттык: Айбек Кулчумановго кол салгандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы болгон

Азаттык: Айбек Кулчумановго кол салгандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы болгон

Ошто “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчумановго кол салып, техникалык жабдууларын карактагандардын бири Райымбек Матраимовдун жакын тууганы экени аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын өкүлүнө таянып  “Азаттык” жазып чыкты.

Шаардык милициянын өкүлү тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын аты-жөнүн айткан эмес.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда Ош шаарында “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө 4 белгисиз адам артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан.

Бул факты боюнча Ош шаардык милициясы “Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык” беренеси менен иш козгоп, териштирүүнү баштаган. 

Ошондой эле операторду карактап кеткендер да  Ош милициясына  “жеке менчигибизди тасма тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты” деген негизде арыз жазышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>