Азербайжандык белгилүү мушкер Карабахка аскер кызматын өтөгөнү кетти

Азербайжандык белгилүү мушкер Карабахка аскер кызматын өтөгөнү кетти

Азербайжандык белгилүү мушкер Тофик Мусаев  кагылышуу болуп жаткан  Карабахка өз эрки менен аскер кызматын өтөгөнү кетти.  Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, мушкер кечээ, 29-сентябрда кеткен.

30 жаштагы Тофик Мусаев азербайжандык таанымал мушкерлердин бири. Ал карьерасында жалпы 21 беттеш өткөрүп, 18 жолу жеңишке жетишип, 3 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Белгилей кетсек, 27-сентябарда Армения менен Азербайжандын чек арасында ок атылып, куралдуу жаңжал башталган.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Карабахтагы жаңжалды жөнгө салып, аны Азербайжандын аймагына кайтаруу “тарыхый милдет” деп билдирүү жасады.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “Азербайжан согуш жарыялады, бирок биз ага даярбыз” деп айтып, муну “өтө масштабдуу чагым” катары баалады.

Жоготуулар тууралуу азыр так маалыматтар жок. Тараптар каршылаштарынын жоготууларын көбөйтүп айтууда.

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган көз карандысыз Тоолуу Карабах республикасынын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү кечинде маалымат таратып, 84 аскер кызматкери набыт болгонун ырастады. Азербайжандын Коргоо министрлиги жекшембидеги ок атышуулардан карабахтык аскерлердин 550 чамалуусу набыт болду жана жаракат алды деп кабарлаган эле. Армения тарап бул маалыматты четке кагып, Азербайжандын жоготуулары жекшембиде эле 200 кишини түзгөнүн билдирди.

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>