Бүгүн Баткенде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн Баткенде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 15-июлда саат 14.50дө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Баткен шаарында — 2,5 балл, Баткен районунун Чарбак, Боз-Адыр айылдарында 2 балл жана Бөжөй айылында 4 баллга чейин сезилген. Кадамжай районунун Өтүкчү айылында  4 балл, Айдаркен шаарында, Кызыл-Коргон, Совет, Кара-Тумшук, Ормош айылдарында  3,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>