Бүгүн да Бишкекте жолдор жабылабы? Жооп

Бүгүн да Бишкекте жолдор жабылабы? Жооп

Бүгүн, 22-январда Садыр Жапаровдун  инаугурациясына даярдык көрүүгө Бишкекте жолдор жабылбайт. Бул тууралуу  инагурацияны уютуруучулар «Фейсбукка» жазышты.

«Жапаров инагурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, Президент болгондон кийин баарынан ГАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот», — деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 21-январда Садыр Жапаровдун инагурациясына даярдык көрүү үчүн борбор калаанын негизги көчөлөрү жабылып, жол тыгыны пайда болгон.

Белгилей кетсек, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инагурациясы өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>