Бүгүн Кара-Балта шаарында айнек заводдон өрт чыкты

Бүгүн Кара-Балта шаарында айнек заводдон өрт чыкты

Бүгүн, 19-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында айнек заводдон өрт чыкты. Кырсык боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 10:18де келип түшкөн. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт №29-айнек заводдун чатырынан чыккан.Саат 11:00дө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана кошумча «Джунда» мунай иштетүүчү ишканасынан 4 өрт өчүрүү бөлүмдөрү өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүүдө. ӨКМдан 2 бөлүм тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>