Бүгүн Лондондо “Челси” менен “Реал” жеңүүчүнү аныктайт

Бүгүн Лондондо “Челси” менен “Реал” жеңүүчүнү аныктайт

Майдын 5нен 6сына караган түнү саат 01:00дө “Челси” жана “Реал Мадрид” командалары Чемпиондор лигаснын ½ финалынын жооптук оюнун өткөрөт.

Беттеш Лондон шаарындагы “Стэмфорд Бридж” стадионунда өтөт.

Командалардын алгачкы оюну 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Чемпиондор лигасынын 2020-2021-жылдагы сезондун алгачкы финалчысы  “Манчестер Сити” командасы болду. Англиялык команда эки оюндан турган жарым финалда ПСЖны жалпы 4:1 эсеби менен утуп, турнирдин финалына чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>