Бүгүн түндө “Реал” жана “Челси командалары беттешет

Бүгүн түндө “Реал” жана “Челси командалары беттешет

28-апрелге караган түнү Чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалдык беттешинде “Реал Мадрид” жана “Челси” командалары беттеш өткөрөт.

Оюн “Сантьяго Бернабеу” стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.

Испаниялык клубдун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан алдыдагы “Челси” менен боло турган оюн тууралуу өз пикирин билдирди.

“Эртең оор оюн болот. Коргоонууда жакшы ойноп, каршылаштардын дарбазасында кооптуу учурларды жаратуу менен концентрациябызды сакташыбыз керек. Биздин сезондогу эң оор беттеш күтүп турат», — деген франциялык адис.

Ал эми лондондук команданын башкы машыктыруучусу Томас Тухель бул беттеш чоң сыноо экенин айткан.

“Биз ишенимдүү жана курч футбол ойной алабыз деп үмүттөнөм. Биз алар менен акырына чейин оор күрөш өткөрбүз, ким жеңишке жетээрин эки беттештин жыйынтыгы менен көрөбүз. Бул чоң сыноо, бирок мындан кийин биз акылдуу жана мыктыраак болобуз. Себеби биз чоң тажрыйба топтойбуз.

Бала кезиңде “Реал” менен ойногонду кыялданасың, жана азыр дал ошол оюн, андыктан биз мындай абалга кубанычтабыз”, — деген Тухель.

Ал эми жарым финалдын экинчи жуптары “Псж” жана “Манчестер Сити” командалары. Алар 29-апрелге караган түнү беттешишет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>