Бүгүн Текебаев кичи мекени Жалал-Абадда түлөө өткөрөт

Бүгүн Текебаев кичи мекени Жалал-Абадда түлөө өткөрөт

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1-сентябрда туулган айылына барды. Бул тууралуу саясатчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланууда.

Ал жакта тууган-уругу жана тарапташтары менен жолугушуу өткөрүп жаткандыгы тууралуу фото, видеолор жүктөлүп жатат. Текебаев өзүнүн кичи мекени Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында бүгүн, 2- сентябрда түлөө өткөрүүнү пландоодо.

Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагында чыгарган.

Алар орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>