Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соттук отуруму болот

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соттук отуруму болот

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум болот. 

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароо чечимин кабыл алган. 29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. 

Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>